Жарандардын даттанууларын текшерүүнүн жыйынтыгы менен 4 салыкчы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда мамлекеттик Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Салык кызматына 9 айда жарандардан ар кандай маселелер боюнча 132 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 45 кайрылуу электрондук почта аркылуу, 17 билдирүү ишеним телефонунан келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө салыкчыларга карата 37 даттануу келсе, анын ичинен 6 факты ырасталган. Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында 4 кызматкер кызматтан бошотулган.
Келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча салык кызматы тийиштүү чара кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөө, текшерүү, рейддик салыктык көзөмөл жүргүзмөкчү.