SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жезделердин жоруктары" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Иштер менен шаарда жүрүп эжемдин үйүнө барып калдым. Алар батирде турушчу. Үйлөрүн жыйнап, тамак жасашып, айтор эжекем экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөйт. Жездем тамашакөй, алдына келген адамдын айласын алты кетирет. Палоо даяр болуп дасторконго отурдук. Бир аздан соң телефонума чалуу келди. Үйдөн чыгып 15 мүнөттөй сүйлөшүп келсем, жездем "ал тамактан, мейман деген көп-көп тамактаныш керек" деп калды. Эч нерсе оюмда жок, эми эле алып жесем, даамы ачуу. Сыр бербестен жеп коёюн дедим эле, бирок кайдан, үйдөн кантип чыкканымды билбейм. Көрсө жездем билдирбей калемпир салып коюптур, майдалап. Жездем күлүп жатат, эжем болсо аны урушуп жатат".
"Жездем үйгө келсе эле кичинебизде жомок айтып берчү эле. Оюнан токуп коркунучтуу кылып айтса берилип укчубуз. Кызык жерине келгенде токтотуп койсо, жалдырап аягына чыгуусун суранчубуз. Кийин карангыда эшикке чыга албай коркуп жүрө берер элек. Азыр неберелүү болуп калды, барсак дагы эле "жомок айтып берейинби" деп күлүп калат. Кыздарыма да ошентип жомок айтып берип калат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.