Учак кулаган айылда кырсыктан жаракат алып, башына 5 жолу операция жасалган 19 жаштагы тургун өз алдынча басып калды

Башына 5 жолу операция жасалган Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусу Билимжан уулу Шержан өз алдынча басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Шержандын атасы Билимжан Сарпашов билдирди.

"Баламдын абалы убакыт өткөн сайын калыбына келип жатат. Ал буга чейинки жасалган 5 жолку операциядан улам алсырап, баса албай төшөккө жатып калган эле. Өз алдынча да сүйлөбөй калган болчу. Ал толук бир жыл төшөктө жатты. Жетелеп сыртка алып чыкчубуз. Азыр эми уулум өз алдынча басып, сүйлөп дагы баштады. Жадакалса эс-тутуму калыбына келип, мурдагы окуяларды эстеп баштады. Кудай буюрса, дагы убакыттын өтүшү менен уулумдун ден соолугу өз ордуна келет деп ишенип жатабыз", - деп билдирди Сарпашов.

Эске салсак, буга чейин Билимжан уулу Шержан эхинококкоз дартына кабылып, 5 жолу операция жасалгандан кийин абалы оорлошуп төшөккө жатып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2017-10-19 19:05:50
Тезиреек сакайып кет иним, ден соолугун бекем болсун. Мыкты билим алып чыгаан уулдардан бол.
+10
Azatbek83
2017-10-19 21:37:10
Каргашалуу жуктун ээси табылбай кала берет эми унутулуп.!!!
+3
N.mira
2017-10-20 10:31:43
ал жуктун ээси деле аныкталыптыр.ошол боюнча Текебай акем документ чогултуп келе жаткан жеринен кармалып акыйкатты ачыкка чыгарбай жаап коюшту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан