Заманбап рэперлер дегенде кары-жашы дебей баары бир ооздон Бегиш менен Баястан деп үн катышат. Улуунун да, кичүүнүн да сүймөнчүгү болгон рэперлер SUPER.KG'нин түз эфиринин кезектеги меймандары болушту.
“Биздин чыгармаларыбыздын арасында “Акыркы кат”, “Эсимде” өңдүү обондуу ырларыбыз бар. Демек, обондуу чыгармаларды ырдай алабыз. Ал эми обондуу ырларды ырдаган ырчылар рэп айта алышпайт. Мен кепилдик берем", - дейт Бегиш.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№781, 20-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.