Мырзалардын саламаттыгы жумалыгында эркектерге медициналык кароодон акысыз өтүп, адистен кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Мырзалардын саламаттыгы жумалыгынын алкагында эркектерге ден соолугун акысыз текшертүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунан Елена Баялинова бүгүн, 20-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө мырзалардын саламаттыгы жумалыгы 23-октябрдан 1-ноябрга чейин өтөт.

Анда уролог жана андрологдор мырзаларды акысыз кароодон өткөрүп, ага ылайык кеңештерин беришет. Бул акция Бишкек шаарындагы Республикалык урология илимий борборунда, облустук бейтапканалардын урология бөлүмдөрүндө 1 жума бою саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтүп турат.

Өткөн жылдары уюштурулган мырзалардын саламаттыгы жумалыгынын жыйынтыгында 40 жаштан жогорку курактагы эркектердин 60 пайызы импотенциянын ар кандай түрүнөн жабыр тартышары белгилүү болгон.

"Тукумсуздук оорусуна чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө. 50 жаштан жогорку жаштагы эркектердин 70 пайызы заара кылууда кыйналышат, бирок алардын 8 пайызы гана дарыгерлерге кайрылышат", - деп билдирди Баялинова.

Ошондой эле ал эркектер кабылган илдеттер өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Дарыгер
2017-10-20 12:50:16
Ош шаарында жумалык өтпөйбү
+3
kalpak.kg92
2017-10-20 13:03:49
Супер инфо Баткенде да жумалык отпойбу кэненирек малымат бериниздерчи сураныч Баткен ото алыски обулуст аны эсе алышсын эмне эле болсо Бишкекте болот
+2
kuba.kq8705
2017-10-20 13:06:40
бекердин тузу татыбайт деген соз бар корунгунор келсе акчага эле корунгуло доктурга
+2
admin_superstan
2017-10-20 13:58:58
kalpak.kg92, Дарыгер, саламатсыздарбы! Бул акция бардык облустук бейтапканалардын урология бөлүмдөрүндө 1 жума бою саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтүп турат.
+2
Rain000
2017-10-21 16:52:46
Бардык больницаларга барып катышсак болобу? Вас
0
madiyar1
2017-10-20 14:35:21
Бек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан