Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирүү боюнча жол картасын каржылоо жөнүндө Казакстан менен макулдашууну жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Абдывахап Нурбаев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе кийинки жумада башында аталган комитетте, андан соң парламенттин жалпы жыйынында каралышы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча жол картасын каржылоого Казакстан 100 миллион доллар бермек. Казакстан жабдуу түрүндө техникалык жардам берүүнү сунуштаган. Бирок кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечилген. Бул акча Кыргыз жергесиндеги бажы инфратүзүмдөрүн, лабораторияларды модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталыш керек болчу.