Мындан 52 жыл мурун, 1965-жылы 22-октябрда Буратинонун ролу аркылуу атактуулукка жеткен советтик, беларустук жана орусиялык актёр, сценарист, режиссёр Дмитрий Иосифов Минскте туулган.
Муз үстүндө бийлөө мектебинде жүргөнүндө Дмитрийди балдардын арасынан тандап алып эле Арлекинонун ролуна бекитип коюшкан. “Ичим ооруп жатат” деп качканына карабай кайра алып келип, Буратинонун ролун беришкен. Алгач тартылуудан баш тартып качып жүргөн болсо, мындан кийин анын жашоосу өзгөрүп, кинодон башканын баары кызыксыз болуп туюла баштаган. Буратинонун ролунан кийин “Красная шапочка”, “Капитан Сорви-Голова” тасмаларына да тартылган.
Бир кезде “Приключения Буратино” фильминен тушоосу кесилген актёр режиссёрлук менен да алектенип, “Убойная сила” сериалына, “Последний герой”, “Двенадцать негритят” теледолбоорлоруна режиссёрлук кылган.
22-октябрдын жылнаамасы.