АКШнын 5 мурдагы президенттери бир учурда бир жерге чогулушту. Алар 22-октябрда болгон кайрымдуулук концертке чакырылышкан. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, алардын мындай чогулушу биринчи ирет болуп жатат. Алар Жимми Картер, Жорж Буш-улуусу, Билл Клинтон, Жорж Буш-кичүүсү жана Трампка чейинки президент Барак Обама. Беш президенттин башын бириктирген, Техаста өткөн кайрымдуулук концерт акыркы айларда АКШнын аймагында катталган катуу шамалдардан жабыркагандарга акча чогултуу максатында уюштурулган.
Акциянын уюштуруучулары кабарлагандай, акча чогултуу иш-чарасы сентябрь айында эле башталган. Ал эми 5 президенттин катышуусундагы концерт чечүүчү этап болуп, жыйынтыгында концерттен түшкөн каражат 30 миллион долларга жеткен. Анткен менен акциянын алкагында чогултулган жалпы каражат "Харви", "Мария", "Ирма", "Нэйт" бороондору алып келген чыгымдарга караандабайт. Америка бийлигинин эсептеп чыкканы боюнча аталган табият кырсыктарынан келип чыккан чыгым 300 миллиард долларды чапчыйт.
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп иш-чарага келип, мурдагы кесиптештери менен жолугуша алган эмес. Ал концерт учурунда видеокайрылуу аркылуу мурдагы 5 президенттин мындай окуяларга кайдыгер карабагандарына ыраазычылыгын билдирген. Ал тилсиз жоо - катуу бороондордон жана Калифорниядагы табигый өрттөн миллиондогон америкалыктар жабыркаганын белгиледи.
Концерттин алкагында "Алабама" кантри-группасы, ырчы Самюэль Мур, Иоланда Адамс жана башка жаш аткаруучу-ырчылар, Леди Гага сыяктуу атактуулар ырдашты.