Милиция кызматкерлеринин арасында эң көп мыйзам бузгандар – ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев 29-майда билдирди. Анын айтымында, жаш кызматкерлер көбүнчө жол эрежесин бузуу жана сабоого байланышкан мыйзам бузууларда пара алууга азгырылышат. “Академияга курсанттарды кабыл алуунун санын кыскартуу менен маселени чечсе болот”,- дейт Турганбаев.