Жыл сайын күз-кыш мезгилинде сасык тумоо жана ОРВИге чалдыккандардын саны көбөйөт. 2016-жылы декабрь айында бул дарт менен ооругандардын саны көп болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сасык тумоо менен ооругандардын 65 пайызы 14 жашка чейинки балдар. "Сасык тумоо менен ооругандардын саны октябрь айында салыштырмалуу көбөйдү. Декабрда ооругандардын саны мындан да көбөйүшү күтүлүп жатат. Азыркы тапта өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Алдын алуу үчүн министрлик тарабынан 84 642 доза вакцина алынган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге көп. Эмдөө акысыз жана вирусту жуктуруп алуу коркунучунда турган адамдарга берилет. Алар медицина кызматкерлери, өнөкөт оору менен ооругандар, балдар үйүндө көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар. Октябрь айынын соңунда дагы 105 миң доза алып келиниши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, сасык тумоо оорусун алдын алуу жана көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлери окутуудан өтүшкөн. Бишкек жана Ош шаарындагы жеке медициналык борборлордо сасык тумоого каршы эмдөө 450-650 сом.
ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди «чеӊгээлинен» чыгарбайт. Дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.