"Милан" клубунун экс-футболчусу Каха Каладзе Тбилиси шаарынын мэри болуп шайланды

Италиянын "Милан" футболдук клубунун жана Грузия курамасынын мурдагы футболчусу Каха Каладзе "Грузин кыялы" партиясынан мэрликке талапкерлигин коюп өтүп кетти. Ал шайлоочулардын 51,06 пайызынын добушуна ээ болгон.

Белгилей кетсек, Каха Каладзе буга чейин Грузиянын Энергетика министрлигинде вице-премьер министрлик кызматында иштеп келген. 39 жаштагы экс-футболчу жаңы кызматы тууралуу "Грузиянын борбору Тбилисинин мэри болуу мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Шайлоочуларымдын колдоосу жана ишеничи шаардын көйгөйлөрүн чечүүдө дем берет. Чын жүрөгүмдөн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем", - деп билдирди ал.

Каладзе: "Алдыда турган көйгөйлөрдү кечиктирбестен чечүүгө киришем. Шаардын ар бир жашоочусу менен жана шаардын өнүгүшүн каалаган бардык коомдук күчтөр менен иштешүүгө даярмын. Ошондой эле менин атаандаштарым жана шайлоо учурундагы оппоненттерим менен дагы Тбилисинин өнүгүшү үчүн иш алып барууга даярмын", - деген билдирүүсүн брифинг учурунда айткан.

Каха Каладзе мэрликке жарыш учурунда Тбилиси шаарын азыркыдан сулуу жана экологиялык жактан таза шаарга айлантарын айтып келген. Ошондой эле транспорт жаатын иретке келтирип, баш аламан курулуштарды жөнгө сала тургандыгын кошумчалаган.

Бийликтин "Грузин кыялы" партиясынан талапкерлигин койгон Каха Каладзе 21-октябрда өткөн шайлоодо жеңгенин эртеси 22-октябрда БШК жарыялады. Экинчи орунду көз карандысыз талапкер Алеко Элисашвили 17,46 пайыз менен алса, үчүнчү орунду "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынан талапкер Заал Удумашвили 16,53 пайыз менен алган.

Маалымат үчүн: Каха Каладзе 1978-жылы 27-февралда Грузиянын батышындагы Самтредиа шаарында туулган. Анын атасы футболчу, жергиликтүү "Локомотив" футболдук клубунун капитаны Карло Каладзе болгон. 1995-1997-жылдары Каха тбилисилик "Динамо" клубунда ойногон. 2001-жылдан баштап, 2010-жылдын май айына чейин Италиянын "Милан" клубунда ойногон. Ушул клубдун курамында жүрүп, Каладзе Чемпиондор Лигасын 2 жолу жеңген. Ошондой эле Грузиянын курамасынын "мыкты футболчу" наамына 5 жолу татыган.

2008-2012-жылдар аралыгында Каладзе ошол кездеги президент Михаил Саакашвилинин ишмердүүлүгүн кескин сындап, мындан улам "Грузин кыялы" партиясынын ишмердүүлүгүнө активдүү аралаша баштаган. 2012-жылдын июль айынан тарта ушул убакка чейин өлкөнүн Энергетика министрлигинде вице-премьер министрликти аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан