Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде Орусия тарабынан техникалык жактан жардам берүү жөнүндө макулдашууда каралган иш-чаралардын мөөнөтүн узартуу маселеси каралды.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдиргендей, макулдашуунун алкагында “Достук” өткөрмө пунктунун аймагынын чектерин кеңейтүү боюнча иш-чараларда каражаттарды колдонууга уруксат берилген эмес. Ошондуктан министрдин орун басары макулдашуудагы иш-чаралардын мөөнөтүн бир жылга жылдырып берүүнү сунуштады.
“Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Орусия тарабынан берилип жаткан 200 миллион сомду ала албаганына Кыргыз тарап күнөөлүү экенин айтып, мындай сүйлөшүүлөргө кесипкөйлүгү жогорку адамдар баруусу зарыл экенин айтты.
Жыйынтыгында Бюджет жана финансы комитетинин депутаттары Каржы министрлигин мөөнөттү узартуу сунушун колдоду.
Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуусунда Кыргыз өлкөсүнүн өткөрмө пункттарын этап-этабы менен техникалык жабдууга жана жайгаштырууга багытталган иш-чараларды Орусия тарабынан каржылоо каралган.