Депутаттар лицензия алуунун шарттарын жеӊилдетүүнү сунушташты

Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде депутат Дастан Бекешев лицензия алуунун шарттарын жеӊилдетүү керектигин айтты.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев “Жаңы доорго 40 кадам” долбоорунун алкагында бул маселе каралып жатканын айтты. Депутат Айнуру Алтыбаева "лицензия алууда онлайн системи иштеп жатабы?" деп сурады. Иманалиевдин айтымында, азыркы учурда бул боюнча иштер жасалып жатканын билдирди.

Мыйзам долбоорунда лицензия алууда лицензиялык төлөмдөрдү алып салуу сунушталган. “Бул чаралар өзүн актайт жана бизнес үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок ошол эле учурда кээ бир иштер боюнча төлөмдөр кайрадан каралып чыгат. Мисалы, этил спиртин өндүрүү боюнча лицензиялык төлөм 300 сомду түзөт. Бул боюнча төлөмдү көбөйтсө болот”, - деди министрдин орун басары.

Мыйзам долбоорунда лицензияны онлайн режимде электрондук түрдө берүү сунушталып жатканын кошумчалады. Жыйынтыгында долбоор жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан