БШК шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин биринчи ирет жарыялады. БШКнын маалымат кызматынан 23-октябрда кабарлашкандай, добуш берүүгө катышкандардын тизмеси аталган мекеменин расмий сайтынын "Шайлоо-2017" бөлүгүнө жайгаштырылып, ар бир аймак өз өзүнчө жазылган.

Мындай аракет Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 37-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык биринчи ирет жасалууда. Ошондой эле Конституциялык мыйзамдын 35-беренесиндеги 23-пунктуна ылайык, шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүргөн тизмеси (же анын көчүрмөсү) участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга илинди.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча талапкерлердин арасынан Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашык көрсөткүч менен биринчи турда эле жеӊишке жетишкен. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 3 миллион 25 миң 770 болсо, анын 1 миллион 692 миң 423ү добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Isco23
2017-10-23 13:06:20
Тегеле жок го мен таба албай койдум районду деле участокту деле,толугураак ссылка мн берсенер жакшы болмок
+2
Valley.of.the.Wolves
2017-10-23 13:41:57
Акча алып барбай койгондор качкыла эми!!!
+5
janymjamal
2017-10-23 13:47:17
Кайсы сайтта ссылка берип Койгулачы
0
ruslanch
2017-10-23 14:16:43
https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-prezidenta-kr-2017_/spiski-izbiratelej-prinyavshih-uchastie-na-vyborah-prezidenta-kyrgyzskoj-respubliki/
-1
Azatbek83
2017-10-23 15:24:37
Бул таза эмес шайлоо бийликтин шайлоосу!
+4
cico
2017-10-23 17:18:47
Экономика министри Астанада иш сапары мн жүрсө кантип келмек. Депутаттарды башы иштебейби нараазы болгудай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан