Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тийиштүү комитети КМШнын аймагына кирген үчүнчү өлкөнүн жарандары менен жарандыгы жок адамдарды бирдиктүү эсепке алуу системи боюнча макулдашууну жактырды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. “Мыйзам долбоорунун максаты адамдардын кыймылын көзөмөлдөө жаатындагы уюштуруу-башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун сапатын көтөрүү болуп саналат. Ал КМШ аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын кыймылына тийиштүү маалыматтарды топтоо, сактоо жана иштеп чыгууга багытталган", - деди Мамасадыков.
Макулдашууга Орусия, Беларусь, Армения, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан кол койгонун кошумчалады Мамасадыков.