"Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Кыргыз өлкөсүнө келгендерге конок экенин билдирген төш белги берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
Ал башка өлкөдөн келген коноктордун Кыргыз мамлекетинде жашагандардан айырмаланып турушу керек деген оюн айтты.
"Меймандарга өлкөгө кирип келе жатканда төш белги берип, чыгып баратканда кайра алып коюу керек. Же болбосо телефон берсе болот. Ушул сунушту эске алуу зарыл", - деди ал.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков бул маселе жарандарды бирдиктүү эсепке алуу системи боюнча макулдашуу алкагында каралганын билдирди.