Бишкектеги соода борборлорунун биринде 4-ноябрь күнү наристелер арасында жөрмөлөө боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, сынакка 3 жаштан ашпаган балдар катышат. Кичинекей балдар 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүшү керек болот. Баланын апасы колу менен жаңсап гана жардам бере алат. Балдар жана кыздар арасында өзүнчө чемпиондор аныкталат.