Эгерде Казакстан кандайдыр бир себептер менен Кыргыз өлкөсүнө көмүр берүүнү токтотсо, Кыргыздан чыккан көмүр элди толук камсыздай алат. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубан Мырзаканов маалымат жыйынында билдирди.
"Быйылкы кыштан чыгуу үчүн өлкөгө 2 миллион 315 миң тонна көмүр керек. Учурда бюджеттик мекемелерде 240 миң тонна, элде 1 миллион 74 миң тонна, Бишкек Жылуулук электр борборунда 1 миллион тонна көмүр бар. Ушул күнгө чейин өлкөнүн 82 пайызы көмүр менен камсыздалды. Калган жерлерге 10-ноябрга чейин көмүр берилет", - деди ал.
Ошондой эле көмүрдүн баасы быйыл 3500-6000 сомдун тегерегинде экенин кошумчалады.
Ал эми "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору Эркин Абдыкалыков 15-ноябрга чейин өлкө боюнча жылуулук толугу менен берилип бүтөрүн айтты.
"Бишкектеги биздин карамагыбыздагы 1894 көп кабаттуу үйдүн 1801ине жылуулук берилди. Андан сырткары 73 бала бакчанын 72сине, 55 мектептин 51ине, 69 медициналык мекеменин 50сүнө жылуулук берилип бүттү. 74 көп кабаттуу үйгө жылуулук карыздары болгону үчүн бериле элек. Шаар тургундарын жылуулук энергиясы жана жылуу суу үчүн карыздарын төлөөгө чакырабыз", - деди ал.