"Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсүндө мактана турган кинематография эле бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат каржы министри Адылбек Касымалиевден кинематографияга жылына канча каражат бөлүнгөнүн сурады. Каржы министри аталган тармакка 2016-жылы 73 миллион сом каралганын белгилеп, 35 миллион сом менен каржыланганын айтты.
Депутат мактана турган тармакка 50 пайыз гана каражат которулуп жатканына нааразы болду. “Биз кино менен гана сыймыктана алабыз. Эмне үчүн 50 пайыз эле каржыланат? Спортчулар менен мактансак болот эле, Олимпиададан көрдүк. Өлкөдө демократия жана кинематография менен эле сыймыктансак болот. Мына, отчёттун аткарылышы”, - деди ал.
Учурда Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу маселе каралып жатат.