Жанар Акаев: “Жер-Үй” кенинен түшкөн каражатка курулат деген мектептер азыркыга чейин ишке кире элек”

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев “Жер-Үй” кенине лицензия сатуудан түшкөн каражатка курулат деген мектептер азыркыга чейин ишке кире электигине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

“Лицензиядан түшкөн каражатка 100 мектеп курулат деп айтылган. Канчасы салынып, канчасы ишке кирди?” - деп сурады эл өкүлү.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 3 миллиард 600 миллион сом түшкөн. “Сметалык долбоор боюнча иш кагаздары кеч түшкөн. Тендер 2016-жылдын декабрь айында өткөн. Ошондуктан мектептер быйыл бүтпөй калды”, - деди министр.

Жанар Акаев бир жыл өтсө дагы мектептер бүтпөй жатканы жаман көрүнүш экенин айтты. Министр буга бир жыл ичинде бүтүрүлөт деп убада берилбегенин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kenjebek_a
2017-10-23 18:10:21
АША менин ажолук срогум буткучо бир да авариялык мектеп калбайт деп убада берген эле.Акчаны алышты,Таластыктарга лапша илинди болду.Негизи эл озун озу багып келе жатат,налог,патент тиги бул толоп.Бюджетти эл толтурат.Казактардан жуз миллион албай койгон жакшы болду.Карыз алып эч нерсе курбайт жеп алышат.Олко карыз албаса онугобуз.Элге карызды кобойтту оздору хан сарай салат.
-1
Derzki_kyrgyz
2017-10-24 17:22:51
Биздин айылга бироо курулуп аткан дагы деле буто элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан