Депутат Рыскелди Момбеков "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамдын аткарылышына нааразы болду

Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамдын аткарылышына нааразы болду.

Жыйында мыйзам 2011-жылы кабыл алынганы жана 2012-жылы 5 жылдык улуттук программа иштелип чыкканы белгилүү болду. Ошону ишке ашыруу боюнча каражат жок болгонун айтышты.

Рыскелди Момбеков: “Каржыланбай калган деген эле сөздөр. Эгерде “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам чыкса, улуттук программанын жартысы аткарылса, күнөө кимде? Китеп чыгарууга 200 миң сом таппаган өкмөт өкмөтпү? Президент Алмазбек Атамбаев Манас атабыздын айкелин тургузду. Азыркы учурда мектептерде айрым предметтердин курамында окутулат деп айтылып жатат. Бул жетишсиз”, - деди.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз Манас тууралуу бир дагы мультфильм жок экенин белгиледи. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү мультфильмге 2 миллион сом которулушу керек болчу деп, бирок которула электигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2017-10-23 17:50:00
Экоо тен пайдасы жок депутаттар ойду келди соз уруп койуп отура беришет кошоматчылар
0
Best.bakyt
2017-10-23 19:18:32
Момбеков ушакчы аял шекилдуу эле, ажылдап чуу тушургондон башка берекеси жок.
+1
jbolotov
2017-10-23 20:57:48
Улуттук идеалогия баалулуктар болуш керек.Туура эле айтат болгону бизде азыр экономиканы айыл чарбаны, улуттук армияны которуу приоритетуу болуп турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан