Бүгүн, 23-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде жакында Баткенде көмүлгөн мумия боюнча жумушчу топ түзүү маселеси каралды.
КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков мумияны изилдегенге 60 жылдан бери бир гана орус окумуштуусу Юрий Борузин келип, сөөк V-VI кылымга таандык деп айтканын билдирди. “Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия мумияны жерге берүү чечимин кабыл алган. Ал эми илимпоздор буга каршы болууда. Ошондуктан бул маселени чечүү керек”, - дейт Момбеков.
Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институнун башчысы Хадича Ташбаева Юрий Борузин Орусиянын эмес, Кыргыздын окумуштуусу экенин эскертти. Ошондой эле аталган министрлик тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен макул эместигин билдирди.
“Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Токторов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин позициясын колдобой турганын билдирди. “Аталган министрликте мындай маселени тез арада чечкен жетекчилер кантип жетектеп, кантип иштеп жатканына таң калып жатам. Бул маселе боюнча маданият министринин орун басарлары “шарлатандай” болуп талкуулашууда. Алар илимге таянбай, шашылыш чечим кабыл алгандай сезилип жатат. Ошондуктан жумушчу топ түзүп, маселени карап чыгуу керек”, - деди ал.
Хадича Ташбаева мумия 60 жыл вакуумда жатканын белгилеп, жумушчу топ тез арада чечим чыгаруусу зарыл экенин айтты. Ал эскерткендей, мумияны казып алып, анан жумушчу топ ишин жүргүзүүсү керек.
“Айкөл-Ала-Тоо” фондунун мүчөсү Элмира Мураталиева Ташбаева калп айтып жатат деп билдирди. Анын айтымында, мумия эч кандай вакуумда жаткан эмес. "Мен Кыргыз эли сөөккө кандай мамиле кылып келгенин айтайын деп эле жыйынга келдим. Министрлик тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгом. Мумия вакуумда сакталган эмес. Капкараңгы, чаң баскан жерде эле жаткан. Ак кепинге ороп чыгардык”, - деди ал.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тазабек Икрамов мумия боюнча министрлик туура чечим кабыл алынганын белгиледи. “Өлгөн адамдын сөөгүн жерге берүү керек. Эгерде ал Лениндей же Наполеондой адам болсо талкууласак болот эле”, - деди ал.
Жыйынтыгында жумушчу топ түзүлдү. Ага "Бир бол" фракциясынан депутат Дүйшөн Төрөкулов, КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов, Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери кирди.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн.