Орусиялык радионун редакциясында белгисиз адам журналистке бычак менен кол салып, кармалды

Орусиялык "Эхо Москвы" радиостанциясынын редакциясына белгисиз адам кирип, алпаруучу Татьяна Фельгенгауэрди бычак менен жарадар кылганын орусиялык басылмалар бүгүн, 23-октябрда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, редакцияга кирип барган эркек киши Татьяна Фельгенгауэрдин тамагына бычак менен сайган.

"Учурда журналист ооруканада. Ага операция жасалып жатат. Кол салган адам кароолчу тарабынан кармалып, полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдирген аталган радиостанциянын редактору Алексей Венедиктов.

Анын айтымында, белгисиз адам алгач кароолчунун көзүнө газ чачып, андан соң 14-кабатка чыгып журналистти бычак менен жарадар кылган. Орусиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалган адам чет өлкөлүк болгон. Анын жанында эч кандай документ болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adi97
2017-10-23 19:04:31
Ooo Kudai Kyrgyzstandyn jarany bolboso eken degi
+9
Kroxa
2017-10-23 20:50:43
Ошону айтсан..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан