Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 16-октябрында "Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү уюмдарында китептерге ижара акысын төлөөнү киргизүү жөнүндө" токтомун кабыл алган. Бул боюнча бүгүн, 23-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинен түшүндүрмө беришти.
Белгилүү болгондой, мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча шарттарды түзүү максатында министрлик жаңы окуу жылынан баштап окуу китептерине ижара акысын киргизүүдө. Бул демилге эски китептердин ордуна жаңысын басып чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
"Билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда негизги шарттардын бири - бул окуу китептеринин болуусу. 2010-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу 58 пайызды түзгөн болсо, бюджеттен жыл сайын акча каражаттары бөлүнүп жана донорлордун жардамынын эсебинен 2017-жылы көрсөткүч 83,6 пайыз болгон. Ошентсе да билим берүүнүн жаңы стандарттарына ылайык, мектептерде кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде китептердин тартыштыгы болжол менен 11 миллион экземплярды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, жыл сайын министрликке окуу китептерин чыгарууга 600 миллион сом талап кылынат. Ошондой эле компетенттүүлүк мамиленин негизинде билим берүүнүн мазмунун жаңыртууга, жаңы предметтик билим берүү стандарттарын даярдоого байланыштуу бүгүнкү күндө эски окуу китептерин толук алмаштыруу боюнча иш жүрүп жатат.
"5-6-класстар үчүн жаңы муундун китептери жана 7-9-класстар үчүн табигый-математикалык цикл боюнча китептер министрлик тарабынан чыгарылып, сыноодон өтүп жатат. Орусиялык китептерди биздин стандарттарга жана программаларга ылайыктап чыгаруу үчүн автордук укуктар боюнча маселени чечүүгө Орусиянын билим берүү министрине кат жөнөтүлдү. Билим берүү жана илим министрлиги электрондук китепканага 2 миллиондон ашык китептерди жана кол жазмаларды жайгаштырды. Ар бир аймакта заманбап электрондук китепкана түзүлдү. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, 5 жылдын ичинде китептердин өзүн-өзү камсыз кылуу боюнча туруктуу системи түзүлөт. Окуу китептерин ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар китепканалык фонддордо китептерди жаңылоого гана колдонулат", - деп билдирет министрлик.
Кабыл алынган Жобого ылайык, окуучулар окуу китептерин төмөнкү учурларда акысыз ала алышат:
- Көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдар (беш же андан көп бала);
- Социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары;
- Ата-энесинин бири же экөө тең I же II топтогу майып болгон үй-бүлөнүн балдары;
- Жалгыз бой ата-эненин балдары;
- Аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскердик же кызматтык милдеттерин аткарууда майып, же каза болуп калган үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар;
- Жетим, ата-энесинен кароосуз калган балдар;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
Үй-бүлөдө эгер 3-4 баласы мектепте окуса, алар ижара суммасынын 50 пайызын төлөшөт.