Бүгүн, 23-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде "Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш", "Поларис шооласы" тасмалары аркылуу таанымал актёр Амантур Мусаевдин үлпөт тою өтүп жатат. Ал лейлектик 21 жаштагы Миргүл аттуу кызга баш кошту.
Түгөйлөрдү "Жар-Жар" ырынын коштоосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова эл алдына алып чыкты. Тойго КРнын Эл артисттери Гүлайым Каныметова, Дүйшөн Байдөбөтов, Маданияттын мыкты кызматкери Кубаныч Сатаев, ырчылар Дайыр Исмадияров, Курал Чокоев баштаган чыгармачыл адамдар келип, той ээлеринин кубанычын тең бөлүшүп жаткан чагы.
Белгилей кетсек, буга чейин актёр SUPER.KG порталына сүйүктүүсү менен мындан 3 жыл мурун досунун үйлөнүү тоюнда таанышканын, сүйүктүүсү чыгармачылык чөйрөдөн алыс адам экенин айткан.