Кыргыздан чыккан кинорежиссёр айым Динара Асанова көзү тирүү болгондо бүгүн, 24-октябрда 75 жашка толмок. Ал 1942-жылы 24-октябрда Фрунзеде төрөлгөн. Атасы Колдош Асанов согуштан кайтпай калган. Апасы Марзия Камалова көп жылдар “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген.
Динара Асанова Бүткүл орусиялык мамлекеттик институтту бүтүрүп, мекенине келгенде аны “Кыргызтелефильмге" “кыз бала экен, кыз баланын колунан эмне келмек эле” деп кабыл албай коюшат. Апасы Марзия Камалова ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, кызымды “Кыргызтелефильмге” жумушка албай жатышат, жардам бериңиз” деп кайрылат. Бирок Кондучалова да ”бул болбогон жумуш” деп көңүл бурбай коёт. Ошентип Динара Асанова “Ленфильмде” калып, дүйнөгө атагы кеткен фильмдерди жаратат. Анын “Жан дүйнөнүн ачкычы” фильми жалкоо мугалимдин образын ачкан курч фильм. Динара Асанованы ал дүйнөгө белгилүү болуп кеткенден кийин гана Кыргыз өлкөсүнө чакыра башташат.
Динара Асанова “Ленфильмде” иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн. Анын эң алгачкы “Тоңкулдактын башы оорубайт” фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, Динара Асанованын ысымы кинорежиссёр катары дүйнөгө белгилүү болгон. Анын “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Боз балдар”, “Сүйүктүүм жана кымбатым”, “Жандүйнөнүн ачкычы” көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган. Динара Асанованын Распутиндин чыгармасы боюнча жараткан “Рудольфио” аттуу дипломдук иши да учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган. “BBC” телекомпаниясы ал тууралу “Динара Асанова” аттуу даректүү фильм тарткан. Динара Асанованын туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет.
Советтик алгачкы кыргыз режиссёр айым Динара Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманск шаарында "Бейтааныш кыз" аттуу тасмасын тартып жатып 42 жашында жүрөк оорусунан көз жумган. Асанова "Бейтааныш кыз" тасмасын анын акыркы жана эң мыкты тасмасы экенин айткан. Режиссёрдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
24-октябрдын жылнаамасы.