Бишкекте жаңы техниканын долбоорун иштеп чыгуу боюнча үй-бүлөлөр арасында сынак өтөт

Бишкекте 26-28-октябрь күндөрү "Атам, апам жана мен - техникалык үй-бүлө" аталышындагы республикалык сынак өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө боюнча ондогон үй-бүлөлөр аймактарда сынактын тандоо туруна катышкан. Бирок ар бир облустан экиден үй-бүлөлөр гана республикалык сынакка катыша алышат.

"Акыркы тур 3 этап менен өтөт. Алгач ар бир үй-бүлө үй тапшырмасы катары даярдалган долбоору тууралуу айтып беришет. Бул боюнча катышуучуларга бир нече ай мурун маалымдама берилген. Калыстар катышуучуларга шаарда жүрүүчү перспективдүү транспорт каражатын иштеп чыгууну сунушташкан. Экинчи этапта үй-бүлөлөр финалда берилген тапшырманын негизинде техниканын долбоорун иштеп чыгышат. Үчүнчү этапта техникага байланыштуу суроо-жооп болот", - деп айтылат маалыматта.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет. Иш-чараны билим берүү министрлиги республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан