8 шайлоо тилкесинде добуш берүү жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Бул тууралуу 23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрга карата 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады.
Жыйынтыгында Сузак, Сокулук, Кара-Суу райондорундагы жана Бишкек шаарындагы айрым аймактык шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган. Себеп - идентификациядан өтпөгөн шайлоочуларга бюллетендердин берилиши.
“Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269-шайлоо тилкесинде добуш 55 айырмачылык чыккан. Ош облусунун Кара-Суу районундагы №5180-шайлоо тилкесинде 48, Түркиянын Анкара шаарындагы №9036-шайлоо тилкесинде 9, Бишкектеги №1243-шайлоо тилкесинде 2 айырмачылык болгон. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык шайлоо комиссиясы төрт шайлоо тилкесинде добуштардын жыйынтыгын саноодо айырмачылыктар чыккан”, - деп жазылат маалыматта.
БШК билдиргендей, бул фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.