Кечээ, 23-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилгени агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. “Бул маселени чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү керек. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтат. Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдерине бирдей шарттар түзүлөт", - деди министр.
“Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков баяндамачыдан кооперативдер менен фермерлерге бирдей шарт түзүүдө мамлекеттик фонддун жерин ижарага гана алып иштетүүгө укуктуу болорун тактады. Мыйзам долбоорун колдогон КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков мамлекеттик фонддогу жерлерди ижарага берүү менен кооперативдерде ирилештирүү баштала тургандыгын баса белгиледи. “Кооперативдерди алдыга алып чыгуу керек. Жерлерди натыйжалуу иштетүүнүн келечеги кооперативдерде”, - дейт Жээнбеков.