ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Бүгүн, 24-октябрь - Кыргыз өлкөсүндө дипломатиялык кызматкерлердин кесиптик майрамы. 1998-жылдын 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №689-токтомуна ылайык, 24-октябрь өлкөдөгү жалпы дипломат кызматкерлеринин күнү деп белгиленген.
Дипломаттык кызмат кабыл алынган күндөн тартып Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык-саясий жактан өнүгө баштаган. Кыргыз мамлекетинин дипломаттык кызматынын тарыхы Совет мезгилине таандык. СССР бийлиги 1944-жылдын 1-февралында кабыл алган "жалпы союздук республикаларга жана облустарга тышкы байланыштарды кайра түзүү" мыйзамына ылайык, Кыргыз АССРи 1944-жылы 17-мартта Тышкы иштер боюнча союздаш-республикалык элдик комиссариатын ачкан.
Мыйзамда белгиленгендей, Кыргыз Советтер Союздук Республикасы түздөн түз чет өлкөлөр менен байланышууга жана келишимдерди түзүүгө, дипломатиялык алакаларды жүргүзүүгө, консулдуктарда, эл аралык уюмдарда, чет өлкөдөгү элчиликтерде өкүлдөрүн бекитүүгө, аларды алып салууга, ишеним грамотасын кабыл алууга жана чакырып алууга, башка өлкөлөр менен болгон иштерде жетекчилик кылууга укук берилген. Ошону менен 1944-жылдын 17-марты КРнын Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн күнү болуп эсептелет.

24-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан