Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү айрым көчөлөр жарыксыз калганын "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, бүгүн, 24-октябрда эртең мененки саат 9:25те жол оңдоочулар кабелди үзүп алышкан. Натыйжада Жоомарт Бөкөнбаев, Токтогул, Жусуп Абдрахманов жана Эркиндик бульварында жарык өчүп калган. Мындан улам аталган көчөлөрдүн электр зымдары башка электр зымдарына улаштырылып, убактылуу жарык берилди. Ал эми оңдоо иши качан аягына чыгары айтылган эмес.