Профсоюздар биримдигинин жетекчилиги алардын мүлктөрүн саткан адамга сот аткаруучулар жардамдашып жатканын айтты

Профсоюздар биримдигинин мүлктөрүн саткан адамга сот аткаруучулар жардамдашууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн профсоюздарынын биримдигине караштуу токой тармактары профсоюзунун төрагасы Канатбек Осмонов маалымат жыйынында билдирди.

"Достук" мейманканасынын жанында эки кабаттуу Кыргыз өлкөсүнүн профсоюздарына таандык имарат бар. 2010-жылга чейин Профсоюздар федерациясынын туристтик объектилер боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп турган Кадыр Темиралиев аны "ишкана үчүн карыз алдым, аталган имараттын экинчи кабатын күрөөгө койдум" деп арзан сатып жиберген. Ал Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан имараттын экинчи кабатын бир бөлмөлүү үйдүн баасында саткан. Биз кийин көз карандысыз эксперттерге кайрылганыбызда алар сатылган бөлүгүн 12 миллион сомго баалашты. Аталган имарат коррупциялык жол менен сатылды деп сотко кайрылсак, сот иштин мөөнөтү өтүп кеткен деп анын пайдасына чечип берди. Биз кийин да кайра-кайра сотторго кайрылып жүрүп, аталган келишим жокко чыгарылсын деген чечим чыгарттык. Бирок "Кадыр Темиралиевдин күрөөгө коюу тууралуу келишими жокко чыгарылсын" деген соттун чечими турса да сот аткаруучулар мурунку чечимге таянып туруп аталган объектини саттырып жиберишти", - дейт Канатбек Осмонов.

Андан сырткары ал учурда сатылган объектини сатуу боюнча сот уланып жатканын, ага байланыштуу соттон калыс чечим чыгаруусун өтүнөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан