Бишкекте эртең, 25-октябрда партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун үй-музейинде анын ишмердүүлүгүнө арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көргөзмө "Исхак Раззаковдун Кыргыз өлкөсүнүн 1945-1960-жылдардагы маданиятына кошкон салымы" деп аталып, ага мамлекеттик ишмердин жакындары дагы катышат. Мэрия шаар тургундарын көргөзмөгө келип, өлкөнүн тарыхы жана маданияты тууралуу кызыктуу маалыматтар менен таанышып кетүүгө чакырат. Иш-чара Чуйков көчөсү, 90 дарегинде өтөт.