Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында мурунку кургак учукка каршы балдар ооруканасынын имаратында тез жардам медициналык борборунун №4-станциясынын ачылышы өттү. Станция заманбап архитектуралык жана санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бере турган абалга келтирилди.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышып, оңдоо иштерине жана жабдыктарды сатып алууга борбор калаанын бюджетинен 4 миллион сом сарпталганын айтты.
"Тез жардам медициналык борборунун №4-станциясынын имаратында оңдоо иштерин жүргүзгөнгө шаардын бюджетинен 4 миллион сомго жакын каражат сарпталган. Дарыгер, фельдшер жана айдоочуларга бардык шарттар түзүлдү. Силер билгендей шаарды өнүктүрүү 4 жылдык планда дагы 2 ушундай тез жардам борборлору ачылат. Шаардын кеңейүүсү жана жол тыгындын чоңдугу менен тез жардам борборунан чакыруу түшкөн жайга жетүү татаал болуп жатат. Мындай борборлорду ачуу менен, бул бөлүм тейлөө жүргүзгөн аймактарга ылдамдык менен жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз алдынкы 4 жылда тез жардам унааларынын санын 100гө чейин жеткиребиз, жакында ишке дагы жаңы 5 жандандыруу унаа кирет", - деди ал.