СУПЕРСТАН: "Жашоо ушундай оор, ага бийлик, өкмөт күнөөлүү" деп эмнеге наалый бересиңер?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмнеге наалый бересиңер?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Эмнеге наалый бересиңер? "Жашоо ушундай оор, ага бийлик, өкмөт күнөөлүү, алардан башка ким күнөөлүү болмок эле... Заман бузулду, минтти, тигинтти... Жашообузду бузгандарга наалат, тигинтип калсын, минтип калсын, жазасын алсын..." дагы айта берсем түгөнбөйт. Буга бир далил, баарыбыз эле окуган "Соңку кабардагы" комментарийлер. Айтор айланабыздагы нерселердин баары негативге толгон. Эмнеге наалый беребиз, кыргызым? Эмнеге күнөөнү өзүбүзгө эмес бирөөгө койгондон ырахат алабыз?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бардык нерсеге эле чиновниктерди күнөөлөгөндөргө таң калам. Эли жерим үчүн иштейин дегендер бар. Бирок "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, арасында жеп ичкичтери бар. Мисалы, жолдор оңдолуп жатат, бул жакшы деп кубангандын ордуна "акчасынан жешти да, мурда эле оңдошпойт беле, Орусияда мындай, Европада тигиндей" деп наалып киришет. Өздөрү Ак Үйгө жумушка кирсе, эртеси Кыргызстан оңолуп кете тургандай сүйлөшөт".

"Бул жерде "мен наалыбайм, наалыганды жаман көрөм, тигиндей-мындай деп көп актанбагыла. Эч кимиңер мен наалыган эмесмин деп кепилдик бере албайсыңар. Себеби кээде чындыгында бийликти сөз кылганга туура келип калат, ошондо айла жок сүйлөп каласың. Быйыл билесиңер, Боинг кырсыгы жөнүндө сөз кылбаган, наалыбаган жаран калган жок, булардын катарында жогоруда "түшүнбөйм ушуларга" дегендер деле бийликти айыптап наалыганы турган кеп. Шайлоону айтпай эле коёюн, ушундай учурларда ушул бийликти сөз кылбайын десең да айткың келет. Кээ бир учурда ушундай, наалыганга туура келет экен".

"Мен көп наалыгандардын катарына кирем. Бирок бийликке нааразы эмесмин. Көбүнчө тапшырманын көптүгүнө, жумушта болсо коноктордун көптүгүнө наалыйм. Көчөдө болсо күндө эле жамгыр жаай берсе наалыйм. Наалып турбаса болбойт, адамга эч нерсе жакпайт. Бардык нерсе эле жакшы боло берсе, анда дагы наалыйсың да".

"Ушу бийлик десе эле наалыгым келет. Наалыбаган мигрант жок болсо керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Azatbek83
2017-10-24 15:13:09
Теманы окубай туруп комментарии жазып жатам азыркы бийлик кунолуу!!Эл учун иштейм дегендерди жандарына жолотушпайт!!!
+4
Ibanurkb
2017-10-25 10:36:05
Azatbek83, койчу эй еайсы ким эл учун иштейм
Дейт тиги Мадумаровбу ХХХХ
Чеги менен болнулачы озунорго тиги Бакиевке
Окшош неменерди колдой бербей
0
evra_kg
2017-10-24 15:40:11
Наалыбай эле ХХХХ туздон туздон кунолу башка олкону корсон козун куйот элим жерим деген башчы башкарат биздикилер андай эмес наоборот элдин канын сорот
+5
barsbegKG
2017-10-24 15:44:52
Азыркы бийликтин чоң күнөөсү бар. Жесе жесин бирок бир аз иштеп койуу керек. Кечээ негатив коммент.калтырган болчумун. Сөз мага тийгендей эле болду. Адилеттүү эмес бийликтин күнөөсү жокпу???
+1
Ibanurkb
2017-10-25 10:37:44
barsbegKG,эч нерсе жебей эле го азыр през
Бакиев болсо корот элем эмне болорунарды
Азыр Атамбаев шугур дегиле
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-24 16:09:05
Талаада калсын ушу жегичтер
+1
talas0707
2017-10-24 16:19:41
кайра еле бийлик кунолуу. Туугандар ар ким озу аракет кылыш керек.
-2
roland
2017-10-24 16:38:07
Эмне болсоңор ошол болгула!
Мен өзүм билгенди кылам!
-5
Isco23
2017-10-24 18:00:17
Теманы ачкан Ашанын кызы эмессинби?окмотту кунолобой сени кунолойлу анда
+2
Ibanurkb
2017-10-25 10:38:36
Isco23,Анын кызы силердей бекерчи эмесда
Тема ачып колунан эчнерсе келбесе деле
Аркайсыны суйлоп
0
ajdaaar
2017-10-24 18:23:08
Баарына бийлик куноолуу болсо, бийликти куноолобой башканы куноолойлубу?!! Озунун башындагы тоону корбой Назарбаевди куноологон Атамбаевдей бололубу?!! Суперстандагы комменттерди ким калтырса да кыска ойлонулган пикирлер экен!!!

Мына бир миллион мигрант канчалаган жылдардан бери талаалап иштеп тытынып журот. Ошолор Кыргызстанды багып жатат, ошол бийликти багып жатат!!! Бийлик эмне кылып датат?!! Ко9уно корунгонду сатып жатат, миллиардлап карыз алып оз чонтокторун кампайтып жатат!
+2
Ibanurkb
2017-10-25 10:39:12
ajdaaar,ошо силердин кеткенинерге АША эмес Бакиев кунооөу
0
Ibanurkb
2017-10-25 10:40:23
ajdaaar,туптуура кылды АША Назарбавке
Ал бироонун созун суйлргон киши эмес да
Оз ою бар
0
ajdaaar
2017-10-24 18:28:39
Карызга алган миллиарддар кайда жумшалганы белгисиз.... Карыз алып салып жаткан жолдору, копуролору 1-2 жылдан кийин жарактан чыгууда... 5-10 жыл талаалап тытынып иштеп келип да Кыргызстанга кайтып иш таба албай, кайра эле талаалаганга мажбур болгон мигранттарды ким ойлоп жатат?!!

Позитив имиш!!! Алтын-кумушунорду чет элдиктер менен бийлик ачык эле талап-тоноп какшытып жатса, жерлерибиз коншуларга отуп жатса, булар наалыбай позитив жашайт имиш... Бул позитив эмес, пофигизм..
+2
Nevestkaa
2017-10-24 18:55:00
Наалыбай анан мактап жактайлыбы?Элди тентитип энени балага баланы энеге зар кылган ушулар эмеспи.Чоңдор жебесе ак иштесе Жапаров айткандай ит аягыбыз да алтындан болбосо дагы бизге иш таап берсе биз да балдар ата энебиздин жанында жүрмөкпүз.Кайран гана жаштыгыбыз кор болуп өтүп атат.Дагы көп нерсеге наалыгым келет бирок кайран нерв.
+4
Mr__Messi
2017-10-25 01:53:41
Biylik kop nersege kunooluu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан