Парламент: Күрөөканалардын ишин көзөмөлдөө зарылдыгы айтылды

Бүгүн, 24-октябрда парламенттин тармактык комитетинде депутат Азамат Арапбаев күрөөканалардын ишин көзөмөлдөө учурдун талабы экенин айтты.

Ал карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жатканын билдирди. “Күрөөканалар берген акчанын көлөмүнө жана пайызына чектөө киргизүү зарыл. Айрымдар үй-жайын, унаа жана башка баалуу мүлктөрүн каржылык жактан муктаждык жаралганда күрөөканаларга өткөрүп берип жатышат. Андан кийин кайтара ала албай калышууда”, - деди депутат.

Экономикалык жана фискалдык саясат комитети өкмөткө күрөөканалардан берилүүчү акчанын көлөмүнө жана анын пайызына чектөө киргизүү сунушун карап чыгуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан