Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы өз кызматкерлерин киреше салыгынан бошотууну сунуштады

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы кызматкерлерин киреше салыгынан бошотууну сунуштоодо. Бул маселе бүгүн, 24-октябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында каралды.

Аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов билдиргендей, мекеменин бир кызматкеринен жылына 19 миң сом киреше салыгы кармалат. Ал мыйзам долбоору социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын айтты. Мекеменин жалпы кызматкерлеринен жылына 5 миллион сомдон ашык киреше салыгы кармаларын кошумчалады. Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Artur555
2017-10-24 17:17:45
Эмне каржы полициясынын кызматкерлеринин киреше салыгынан бошотуп эмне айдыкын коруптурбу булар? Бардык корупция ушулардан башталат. Мына мамлекетте корупция токтой элек. Эмне кылып жыргатып койушту? ГАИ, Больница, Милиция, Прокуратура бардык жерде акча алышат, козомолдосун каржы полициясы. Дагы киреше салыгынан бошотуп, иштегиле кыйратып.Толосун салыкты эл катары.
+3
tular
2017-10-24 17:44:47
Андан коро мугалимдерди бошотушпайбы!!!
+3
ajdaaar
2017-10-24 18:08:23
Жогорудагы мекеме эн коррупциялашкан тармактардын бири болсо... Ал жерде иштеген кызматкерлердин бей-бечарасы жок болсо... Анан аларды салыктан бошотобуз дейсинер... Тиги жакта мугалимдер айына орточо 14,5 мин эмес, 7000-8000 сом маяна алып, ысыкта-суукта иштеп журот... Эмнеге аларды салыктан бошотпойсунар?!!

Дагы 120 жепжутар макул деп бошотуп койгонун!!! Бизге ошол 120 депутаты, Окмоту, соттору, Атамбаев, Жээнбековдор бири да керек эмес!!! Зыяндан башка пайдасы жок!!!
+1
Gena1
2017-10-24 18:34:54
Чындыгында, каржы полициясына жонокой адам кире албайт. Таякен жогорку кенеште же байкен прокуратурада иштеш керек. Алар киреше салыгын тологондон кыйналбайт болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан