Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 24-октябрда 3 күн мурда наристелүү болгон этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды. Учурда ымыркайдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу өмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ымыркай убагынан эрте төрөлгөндүктөн толук кандуу жетиле элек. Ошондуктан азырынча ал ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, эне бала төрөт үйүнөн чыккандан кийин Нарын облусуна барат. Ал жакта Жанбүбү Маматзайым кызынын билим алуу үчүн келген башка балдары бар.
Жанбүбү Маматзайым кызынын үй-бүлөсү Алмазбек Атамбаевдин Президенттик маалында Улуу жана Кичи Памирден келип тарыхый мекенин көрүүгө мүмкүндүк алгандыктан, уулуна Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарууну чечкен.