Кыргыз мамлекети менен Тажикстан дүйнө жүзү боюнча акча которуулар боюнча алдыда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын "Европа жана Борбордук Азиядагы миграция жана мобилдүүлүк" аталышындагы докладында айтылат.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасында Ички дүң продуциясынын көлөмүндө акча которуулар 37 пайызды ээлеген. Ал эми Тажикстанда көрсөткүч 28 пайыз болгон. Адистер миграциялык прогресстин перспективасы Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн макроэкономикалык туруктуулугун жана атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн азайтарын белгилешкен.
Ошондой эле акча которуулар товарды пайдаланууга жакшы таасирин берерин, өтүмдүүлүгү жогору товарлардын баасынын өсүшү тышкы соодага кетчү товарлардын баасынын көтөрүлүшүнө алып келерин айтышкан.
"Бул инвестициялардын келишине жана экспорт менен импорт секторунун жумуш процессине тоскоолдук жаратышы ыктымал. Жыйынтыгында акча которууларга ишеним арткан экономиканын тышкы сектору атаандаштык жаратуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп алышы мүмкүн. Мындан сырткары ири акча которуулар акча алмаштыруу курсунун жогорулатышы мүмкүн", - деп айтылат докладда.