Мас абалда милиция менен жаңжалдашкан айылдык кеңештин депутаты камакка алынды

Мас абалда Патрулдук милициянын кызматкери менен жаңжалдашкан айылдык кеңештин депутаты убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов SUPER.KG'ге билдирди. Анын маалыматына ылайык, депутат милиция кызматкери менен жакалашып, анын видеобайкоо жүргүзүүчү жабдыгы менен погонун жулуп алган.

"23-октябрга караган түнү саат 1:00 чамасында Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаа каршы тилке менен келе жатканда Патрулдук милиция кызматкери тарабынан унаа токтотулган. Унааны 1994-жылкы айдоочу башкарып бараткан. Жол кыймылын бузганын түшүндүрүп жатканда анын жанында бараткан жүргүнчү "мени тааныбайсыңарбы? Мен бул жакта депутатмын" деп чыккан. Милицияны "ишке тоскоолдук жаратып жатасыз, сиздин аракетиңиз видеобайкоого түшүп жатат. Токтотпосоңуз чара көрүлөт. Биз протокол толтуруп алалы" дегенине карабай анын видеобайкоо жүргүзүүчү жабдыгы менен погонун жулуп алган. Андан кийин жакалашып кетишкен.

Ал учурда депутат 15ке жакын тааныш балдарын чакырып жиберген. Андан кийин ал жерге кошумча күч чыгып аны кармашып, Сокулук РИИБине алып келишкен. Жергиликтүү кеңештин депутатына "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдирди Токтосунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Ulan2601
2017-10-24 20:35:41
Депутаттар саал кобойуп кетпединерби?
+18
korea
2017-10-24 21:02:04
Ырас болот...
+5
Medina87
2017-10-24 21:10:52
Сз жок!!! Депутат жазасын алыш керек кайсы партиядан болсо да!!!
+8
azamat1978
2017-10-24 21:15:02
Аты жону жок депутат бекен неге атын жазбайсынар укук бир го баардык адамдарга
+8
Boha1
2017-10-24 22:00:43
Айылдын депутаты болуп ушуну кылып атат. Жогорку кенештин депутаты болгондо баарын куураткан жепжутар болмок окшойт
+7
balykchy2012
2017-10-24 22:23:19
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн, Аллахым биз пенделерге ыйман,ынсап,сабыр берчи!
+6
ekaterinburg
2017-10-24 23:21:31
Шаарда депутаттарга"иливой"нерсе кылса болот...дегенди угуп алып келген айылдык депутат го.
+4
elchi84
2017-10-25 00:19:08
Депутат деген тушунук бизде башкача ойдо болуп калышты. Депутат болсо эле мен Ханмын деп ойлоп калышат ал деген элдин жугун которгон элди ойлогон адам болуш керек,тартипти ошол депутат озу биринчи сакташ керек. КСДП дан болсо керек да жууп жургондур да.
+3
talaa11
2017-10-25 00:43:37
Ушул депутат дегенди укканда жииркенип кускум келет. Азыркы депутаттарды Кыргыз элинин душманы деп эсептейм
+5
Karban86
2017-10-25 00:44:00
Соз жок
+1
sarter-9301
2017-10-25 01:19:14
Биздин милиция байкелерибиз деле кыйратып иштеп атышкан жок. Акча,акча,акча дешет кобу эле. Менин правамды да 1 жылга жараксыз кылышты,5мин бересин деп болбой. Жанымда 3.жарым мин гана акча бар болчу,ошол акча деле ааз акча эмеско.
0
sarter-9301
2017-10-25 01:20:07
Менда киичине пиво ичип алгам. Куноомду мойнума алам.
0
zarlyk2211
2017-10-25 04:17:17
Депутат деген сөздү мындан 10 жал башта укканда эл башкарган,элдин көйгөйүн чечкен адамды элестетчү элем. Азыр депутат десе окуучу деген сыяктуу угулат. Санына эмес сапатына караш керек депутат деп эле көбөйөтө бербей
0
Kumarchik
2017-10-25 11:06:45
айылдык депутат болуп эмнени кыйратып атасынар
0
Alinur96kg
2017-10-25 16:10:21
Депутат эмес эле ХХХХ экен го.
0
admin_superstan
2017-10-25 17:15:09
Alinur96kg, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан