Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү кармалды

29-май күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлдү. “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелген Ноокен районундагы Сакалды айылынын 1988-жылы туулган Замирбек А. аттуу тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда үй ичинен экстремисттик маанайдагы 2 журнал, 16 даана DVD-диск жана 4 даана ар түрдүү баракчалар табылды. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуровдун билдирүүсү боюнча, азыркы учурда жогоруда аталган факты боюнча теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik838383
2013-05-30 10:24:59
кантип жок кылышса болот экен ушуларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан