Украина Михаил Саакашвилиге качкын статусун берүүдөн баш тартты

Украинада Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Грузияга өткөрүп берүүгө укугу бар. Буга эч кандай тоскоолдуктар жок. Мындай маалыматты кечээ, 24-октябрда Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко билдиргенин ТАСС басылмасы жазды.

"Украинанын Мамлекеттик миграция кызматы Михаил Саакашвилиге качкын статусун берүүдөн баш тартты. Ал азыр өлкөдө апатрид - башкача айтканда, эч кандай жарандыгы жок адам бойдон калууда. Бул маселе аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүүгө же депортация кылууга миграция кызматына толук укук берет", - деди прокурор.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Украинанын президенти Петро Порошенко Михаил Саакашвилини Украинанын жарандыгынан ажыратуу боюнча тапшырма берген. Мындан улам Саакашвили видеокайрылуу жасап, "менде Украинанын гана жарандыгы бар, ал жарандыгымдан ажырабашым керек. Азыр мени качкын макамын алууга мажбурлоо аракети болуп жатат, мындай болбойт. Украинага кайтуу боюнча өзүмдүн мыйзамдуу укугум үчүн күрөшөм", - деген.

Маалымат үчүн: Саакашвили 2008-2013-жылдарда Грузиянын президенти болуп туруп, кийинки президенттик үчүн жарышта утулган соң Украинага өтүп кеткен. 2015-жылдын 30-майында Петро Порошенко ага жарандык берип, ошол эле күнү Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган. Саакашвили Грузиянын президенти кызматында турганда өзү чыгарган буйрукка ылайык, Грузияда кош жарандуулук алууга жарандарга тыюу салган. Бул буйруктун негизинде 2015-жылдын 4-декабрында Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылган.

Украина жарандыгынан ажыратылган Саакашвили өзүнүн ишенимдүү адамдарынын жардамы менен 10-сентябрда Польшадан Украинанын аймагына кирип кеткен. 22-сентябрда Украина соту аны чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен 3,4 миң гривенге (127 миң 800 доллар) айыпка жыккан. Өлкөнүн Юстиция министрлиги учурда аны Тбилисинин талабы менен Грузияга өткөрүп берүү маселесин карап жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан