Ырчы Селена Гомес бөйрөгүн алмаштырган соң 13 килограммга арыктаганы айтылууда

Белгилүү америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес бөйрөгүн алмаштырып операция жасаткан соң 13 килограммга арыктап кеткени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жакында интернетке Селена Гоместин Нью-Йоркто сейилдеп жүргөндөгү сүрөтү жарыяланган. Андан ырчынын бир топ арыктап кеткенин байкоого болот. Америкалык басылмалар ырчы сентябрда бөйрөгүнө операция жасаткандан бери 13 килограммга арыктаганын жазышкан.

Ал эми белгилүү америкалык диетолог Шак Смит журналисттерге берген маегинде бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасаткан бейтаптардын көпчүлүгү операциядан кийин тамактануудагы чектөөлөр жоюлгандыктан, тескерисинче салмак кошорун айткан. Мындан улам ырчы операциядан соң диетага отуруп, спорт менен машыга баштаган болушу мүмкүн деп билдирген. Дарыгер Селена Гомести жок дегенде 5 килограммдай салмак кошууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Batma08
2017-10-25 08:41:23
Жааман арыктаптырго.
0
Krai
2017-10-25 09:10:14
Жакшынакай кыз экен
0
Nevestkaa
2017-10-25 10:28:03
Аба ырайы сонун го.Арык болгон кандай жакшы менин бир өмүр арманым арыкташ.
0
Leilektik
2017-10-25 10:58:49
Аллах ушундай жаратат ,талантты,сулуулукту,байлыкты,атак данкты баарын берип Ден-соолукту бербейт ,ошондуктан Ден соолук чынбы шугур,сабыр кылып жашагыла баарын Аллах берет жетишесинер ачкоздонбогуло!!!
+2
Targarien
2017-10-25 20:53:57
Эх ден соолук да убактылуу жакшы сактабасан озун эле кыйналасын
0
Valley.of.the.Wolves
2017-10-25 21:49:40
Жаным менин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан