Потап жана Настя 11 жылдык дуэттен кийин чогуу ырдабай тургандыгын жарыялашты

Украиналык "Потап жана Настя" дуэти чогуу ырдоону убактылуу токтотту. Мындай кабарды алар интернеттеги баракчасына видеокайрылуу аркылуу маалымдашкан.

Кайрылууда ырчылар сахнадан убактылуу кетип жаткандыгын кабарлап төмөнкүлөрдү билдирген: "Сиздер үчүн кызыктуу жаңылыгыбыз бар. Биздин дуэтибиз убактылуу сахнадан кетип жатат. 11 жыл бою талбай эмгектенип, биз сиздерге өзүбүздүн мыкты чыгармаларыбызды тартуулап келдик", - деп билдирген Настя Каменских.

Ал эми Потап 11 жылдын аралыгында кандай эмгектер жаралганын көрүүчүлөрүнө санап берген. Дуэт качан сахнага кайтып келери жана алар алып жаткан тыныгуу канча убакытка созулары тууралуу айтышкан эмес.

Мындан сырткары ырчылар күйөрмандарына ыраазычылык билдиришип, алдыда музыка сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө чыгарма тартууланарын кошумчалашкан. Дуэттин эмне себептен убактылуу тыныгуу алып жаткандыгы азырынча белгисиз. Көпчүлүк дуэт мындай кадамга чоң жеке концерттин же гастролдун алдында өздөрүнө көңүл бурдуруунун амалын жасап жатат деген ойлорун айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан