Ташкентте кымбат баадагы унааларга "аңчылык" жарыяланды

Өзбекстандын борбору Ташкентте Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы мыйзам бузган кымбат баадагы унаа ээлерине айып пул салып, унааларын айып аянтчасына токтотууда. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул рейддер атайын кызматтын өкүлдөрү менен бирге жалаң кымбат унааларга карата жүргүзүлүүдө. Бул кадамга Өзбекстанда бай адамдардын МАИ кызматкерлерине кылган мамилеси себеп болгон.

Ошондой эле 10-октябрдан тарта жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда ондогон кымбат баадагы унаалар айып аянтчасына токтотулуп, алардын арасында мамлекеттик кызматтарда иштеген аткаминерлердин унаасы да бар экени айтылат.

Андан сырткары, басылмалар айрым айдоочулар жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери болор-болбос себептер менен унааларды камакка алып жатышат деп даттанышканын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2017-10-25 11:10:46
Бизде жөнөкөй машыналарга рейд жүрөт кымбат машыналарды МАИ кызматкерлери көрсө айланып качып өтөт.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан