Белгилүү орусиялык кино жана театр актёру 82 жаштагы Армен Жигарханян аялы менен ажырашууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 82 жаштагы актёр бейтапканадан чыгары менен өзүнүн аялы Виталина Цымбалюк-Романовская менен ажырашуу үчүн арыз менен сотко кайрылган. Бул маалыматты актёрдун достору тастыктаган.
Алардын айтымында, эки түгөйдүн ортосунда чыккан уруштан кийин актёрдун кан басымы көтөрүлүп бейтапканага жатып калган. Азыркы учурда актёрдун абалы жакшы. Түгөйлөрдүн ортосундагы уруш Виталина актёрдун мүлкүн өз наамына каттатып алгандан соң башталган.
Азыркы учурда сот процесси жабык түрдө болуп жатат, мүлк кимдин пайдасына чечилет азыркы учурда белгисиз.