Алай районунун Аскалуу айылында жаңы спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Спорт залдын курулушуна 9 миллион сом каражат жумшалды. Буга чейин бул айылда спорт зал болгон эмес. Айылдын эли курулушка 300 миң сом өздүк салым кошушту. Мындан ары спорттук залды айыл эли жана Ленин атындагы мектептин окуучулары пайдаланышат. Имараттын ачылуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, айыл тургундары, мектеп окуучулары катышып, кызыл тасмасы кесилди", - деп билдирди Алай районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Бактыбек Осмонов.
Маалыматка ылайык, Аскалуу айылында 8900 калк жашайт. Айыл райондун борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.