Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековду өкүнбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мен Чыныбай Акуновичти саясаттан тышкары жакшы билем. Сиз менен көп жумуш ордун түздүк. Адамгерчилигиңиз жогору. Сиз өкүнбөңүз, саясатта келе турган, кете турган учур бар экен. Алдыда парламенттик, президенттик шайлоолор бар. Сиз өзүңүздү көрсөтө аласыз деп ишенем", - деди Төрөбаев.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Чыныбай Акунович, кеттим деп эле төрдөн түшүп кетип калдыңыз. Сизди бирөө кет дедиби? Ким менен иштешүү болбой калды? Биз сизди шайлаганда Кыргыз мамлекетинде төбөсү көрүнүп калган инсандын бири деп төрага кылып шайлаганбыз. Партиянын ички идеологиясы мамлекеттик кызматка аралашпашы керек", - деди.
Депутат Сайдулла Нышанов Турсунбеков жигиттик кылганын айтты. Адам бийликке келгенди гана эмес, кеткенди да билиши керектигин айтты.