Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги сунушталып жатат. Бул боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасады.
Жыйында депутат Каныбек Иманалиев вице-премьерликке талапкерди премьер-министр Сапар Исаков сунушташы керектигин айтты. "Зилалиевдин баяндама жасаганы саясий, моралдык, юридикалык жактан дагы туура эмес. Анда эртең айыл чарба министри келип каржы министрин шайлап бергиле дейт. Бул жерде экөөнүн статусу бирдей болуп жатпайбы. Биз, депутаттар кийинки парламентке эмне калтырабыз билбейм. Бирок жакшы салт калтыралы. Премьер-министр кайсы күнү келсе, талапкерди өзү сунуштасын. Парламент тарыхында биринчи жолу вице-премьер-министр экинчи вице-премьер-министрлик кызматка талапкер сунуштап жатат", - деди Иманалиев.
Вице-спикер Данияр Төлөнов премьер-министр учурда иш сапары менен Арменияда жүргөнүн айтты.