Өзбекстан биринчи жолу АКШга коон экспорттоду

Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу "Узтрейд" компаниясы АКШга жаңы коондорду экспорттоду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Тышкы соода-сатык министрлигине таяп жазды.

Маалыматта белгилүү болгондой, 1 тоннадай продукция алгачкы партия катары Нью-Йорктогу Uz-American Trade Corp соода үйүнө жөнөтүлгөн. Мындан тышкары аталган өзбек компаниясы коонду талаадан терилген жаңы боюнча экспорттоодон башка даяр текстиль, жашылчалардын кургатылган түрлөрү жана башка продукцияларды жеткирүү боюнча да АКШ менен келишим түзгөн. Түзүлгөн келишимде жалпы продукциянын баасы 5,1 миллион долларды түзөрүн айтат тийиштүү министрлик.

Айта кетсек, Өзбекстандын Тышкы соода-сатык министрлигинин алдындагы "Узтрейд" компаниясы Нью-Йорктогу соода үйүн жакын арада эле ачкан. Анын ачылышы Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев АКШга иш сапары менен барып келгенден кийин ишке ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Krai
2017-10-25 16:38:49
Ана онугот деген элдер момунтип эле онуктуро берет
+23
barakcha
2017-10-25 16:42:19
Эээх,ичим куйуп кетти.АША бир нерсе кылалычы биз деле?(((
+29
Husan
2017-10-25 16:53:08
barakcha, ичин эмнеге куйот,жон гана суктануу коз караш менен кара))))
-19
nemo2016
2017-10-25 18:26:55
Husan,Хасан хусанына бар ала топу
+4
Rifle_I
2017-10-25 17:42:15
barakcha,өзбектерден кутулуп, эми казактар калды . Биринчи ушулар менен жолду ачыш керек.
0
elchi84
2017-10-25 16:44:45
Биздикилер суйлогондон башка колунан. ... иш келбейт.
+10
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-25 17:18:24
Биздин ХХХХ тескерисинче бизди артка тартып жатат дагы Назарбаев жакшы экен кыргыз элин кабылдап жатат. Ким болсо да айтып койгулачы кетсин батыраак
+8
admin_superstan
2017-10-26 10:34:04
Bolunbo.kyrgyz, этика нормаларын сактаңыз.
-1
Bek_abad
2017-10-25 20:04:25
Бизди бийлик бир карасан козу ачыкка ишенип отурат пайдасыз бир нерселерли суйлоп мумия чукуп..
+3
evra_kg
2017-10-25 21:15:25
Эми мин сомду экономдоп алты жылга жеткиргиле туугандар
+5
aselka79
2017-10-25 23:04:52
Москвада дагы озбектердин жемиштери биринчи пайда болгон гипермаркеттерде, чындыгында эле биздин Эл дагы аябай эмгекчил, артта калып атканыбыз аябай окунучтуу. Жээнбеков биздин бардар, бакубат турмушубузду уланталык деген созуно тангалдым. Кайсы бардар турмуш??? Озунукун жана озунун чойросун айтса керек:((( окунучтуу
+3
Paolo
2017-10-26 00:20:43
Болду эми алты жыл дагы Москвада тентимей биз фрукты деле экспорттойбуз деп суранбайбыз жон эле ушу Казакстанды ачып койгулачы ошо деле чон жардам Атамбаев го кыйратты браво рахмат бап этип суйлоп коюююп отуруп калды
+2
muslim87
2017-10-26 08:57:31
Ана башка өлкөлөр дүйнөгө продукцияларын экспорттоп жатат жаңы ачылыштарды кылып жатат. А биздикилер кошуна мамлекетке киргизе албай убара. Бир акылман айткан экен. Мен унчукпай калганым үчүн эч качан өкүнгөн эмесмин сүйлөн сөзүмө көп өкүндүм деп. Андыктан сүйлөөрдө байкап сүйлөсө болмок биздин урматтуу президент мырза. Тилинин айынан канча деген ишкерлер банкрот болууда. Же өзү иш алпарууну билбейт же билгендерге бербейт. Негизи Кыргыз элиме да ушундай жашоо жагат өңдөнөт. Мадумаровду колдобой
0
muslim87
2017-10-26 09:00:29
Мадумаровду колдойлу десе анын тили эле бар деп жаман көрүштү ана тилдин айынан эмнелер болуп атат. Тили жок иш билген Жээнбековуңарды көрөм кандай иштерди жасаар экен.
0
stepboy
2017-10-26 09:07:23
1000 сомдон алдынар го эми 6 жыл 1000 сомду жеп жаткыла
+1
admin_superstan
2017-10-26 10:34:50
AzKumFerDan, Sultanmatievkg, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан